Blog Image

Профессор Айсулу Бейшенова Педагогикалык университеттердин Евразиялык ассоциациясынын алкагында МПМУнун Коомдук кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 14-сентябрда Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Айсулу Бейшенова Евразиялык педагогикалык университеттердин ассоциациясынын алкагында Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин Коомдук кеңешинин жыйынына онлайн катышты. Жыйындын жүрүшүндө экинчи жарым жылдыктын иш планы, биргелешкен илимий иш-чаралар талкууланып, өнөктөш университеттерде өтүүчү эл аралык фестивалдарга жана сынактарга даярдык көрүү, ошондой эле профессордук-окутуучулук кадрларды даярдоо боюнча пилоттук долбоорлор талкууланды.
Жолугушууга Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин, С.Айни атындагы Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин, М. Танка атындагы Беларусь мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорлору жана проректорлору ж.б. катышты.
Жыйынтыгында 2023-жылдын аягына чейин бирдиктүү иш-чаралардын планы кабыл алынып, кесипкөй билим берүүнүн деңгээли системасын өзгөртүү боюнча пилоттук долбоорлорго өнөктөш университеттердин катышуусу макулдашылды.