Blog Image

Профессор Б. Абдрахманова “Кыргызстандын сүт эмүүчүлөрү” темасында ачык лекция окуду

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында “Кыргызстандын сүт эмүүчүлөрү” темасында профессор Бурулкан Абдрахманова ачык лекция окуду.

Сабактын башында лекциянын максаты, милдеттери берилип, сүт эмүүчүлөр эң маанилүү жаныбарлар болгондуктан, Кыргызстанда кездешкен сүт эмүүчүлөрдүн систематикасы – түркүм, тукум, түрлөр деңгээлинде тааныштырылды жана ар бир тукум, түрлөрдүн жалпы мүнөздөмөсү, биологиясы, экологиясы, географиялык таралышы слайддар менен коштолуп өттү. Лектор учурдагы сүт эмүүчүлөрдүн абалы, сандык жактан кыскартылышынын себептери, аларды сактоо, коргоо чараларына токтолду. Ачык сабакка институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.