Профессор Ч.Койчуманова Казакстандык жаш окумуштуулар менен жолугушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Чолпон Койчуманова Казакстан Республикасынан келген жаш окумуштуулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга институттун кафедра башчылары жана Казахстандан келген илимий изилдөө институтунун кызматкерлери жана PhD докторанттар Нызан Ботагөз, Сулейманова Динара, Омарова Гульнар, Джумагалиев Дархан, Казыбаева Махаббат катышып, ТСУББИге атайын илимий эмгектерин белекке беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы окумушутуулардын илимий иштердеги байланышы, келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөр орун алды. Өзгөчө Борбордук Азиянын орто кылымдагы жана азыркы мезгилдеги тарыхы боюнча кызыктуу пикир алышуу болду.
Ал эми Чолпон Койчуманова Казакстандык окумуштууларга мындан ары да илимий чөйрөдө тыгыз кызматташууга чакырып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча макулдашып, өзүнүн илимий монографияларын конокторго белекке берди.