Профессор Ч. Койчуманова Кытайда өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
21-25-октябрь күндөрү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, профессор Чолпон Койчуманова Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн «Жибек Жолу боюнча аймактык кызматташтык жана өнүгүү» аталышында эл аралык илимий конференцияга катышты.
Конференциянын жүрүшүндө КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова “Борбордук Азия жана Кытай: жалпы келечек, туруктуу өнүгүү жана өз ара гүлдөп өсүү үчүн кызматташтык» аталышында доклад жасады.
Ошондой эле, конференциянын алкагында профессор Чолпон Койчуманова жаш окумуштуулар жана докторанттар үчүн “Кыргызстан жана Кытай: тарыхтын жалпы барактары” аталышында лекция окуду.