Blog Image

Профессор Ч.Койчуманова Пекинде өткөн “Глобалдык башкаруу демилгесин ишке ашыруу жана адамзаттын жалпы тагдырлуу коомун куруу” аталышында тегерек столдун ишине катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, т.и.д., профессор Чолпон Койчуманова ШКУ-2025 алкагында өткөн тегерек столго катышууда.

Ү.ж. 16-17-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында өткөн “Глобалдык башкаруу демилгесин ишке ашыруу жана адамзаттын жалпы тагдырлуу коомун куруу” аталышында эл аралык тегерек стол ишин алып барууда.

ШКУнун алкагында мүчө мамлекеттердин илим жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү жыл сайын ар түрдүү эл аралык конференцияларды, форумдарды жана тегерек столдорду уюштурушат.

Аталган жыйында профессор Чолпон Койчуманова “Борбордук Азия – Кытай: регионалдык кызматташтыктын келечеги жана биримдик сезими” темасында доклад жасап, Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык мамилелерин чыңдоонун маанисин белгиледи.

Позвонить