Blog Image

КМУнун профессордук-окутуучулук курамы Казакстанда өткөн “Заманбап билим берүү: тажрыйба, маселелер жана перспективалар” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

16-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетитин М.Р.Рахимова атындагы кесиптик кошумча билим берүү институтунун Педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын профессору Г.С.Акиева, Педагогика жана психология институтутунун Педагогика кафедрасынын профессору А.Т.Калдыбаева, Табигый илимдер жана туризм институтунун проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти А.О.Абдыкапарова  Абылай хан атындагы Казак Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинде өткөн “Заманбап билим берүү: тажрыйба, маселелер жана перспективалар” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Г.С.Акиева жана педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Т.Калдыбаева “Этнопедагогикалык идеяларды заманбап окуу процессинде колдонуунун моделдөө принциптери” темада, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.О.Абдыкапарова "Студенттердин билим сапатын жогорулатуу үчүн ЖОЖдордо окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун теориялык негиздери" темасында баяндама жасашты.