Профессор Гүлбүбү Курманбекова “Полимерлик заттар, классификациясы, касиеттери жана алардын метаболизми” аталышында доклад окуду
15-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту уюштурган декадада биология илимдеринин доктору, профессор Гүлбүбү Курманбекова “Полимерлик заттар, классификациясы, касиеттери жана алардын метаболизми” аталышында доклад окуду.
Иш-чарага КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө полимердик заттардын касиеттери жана метаболизми жөнүндө маалыматтар мектеп программасында кандай берилиши керектиги тууралуу сунуштар айтылды.