Blog Image

Профессор Илимкан Лайлиева №72 мектеп-гимназиясында ачык сабак өткөрдү

27-октябрда филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин орус филологиясы факультетинин “Орус тилин жана адабиятын окутуунун теориялары жана методикасы” кафедрасынын профессору Илимкан Лайлиева ачык сабак өткөрдү. А.Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясынын 6-классында мектеп менен ЖОЖдун тажрыйба алмашуу программасынын алкагында «Робинзон Крузо» (Д.Дефо) деген темада орус адабияты сабагы өттү.
Сабакка мектеп мугалимдери, орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Н.К.Абдыгазиева, практика башчысы Н.К. Календерова, 4-курстун студенттери катышты.