Blog Image

Профессор К. Айдаркул Черногорияда өткөн “Гендердик теңчилик боюнча глобалдык конференция” эл аралык конгрессине катышты

25-28-март күндөрү Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору Каана Айдаркул Черногориянын Будва жана Монтенегро шаарларында “Гендердик теңчилик боюнча глобалдык конференция” (“Gender world congress of women poliice officers”) аталышында эл аралык конгресске катышты. Профессор К. Айдаркул “Кыргызстандагы гендер маселелери: чечүү жолдору” темасында илимий докладында азыркы кыргыз коомундагы аялдардын ролу, аялдардын уюмдары жана алардын демилгелери, алар жүзөгө ашырып жаткан иштер жөнүндө кенен сөз кылды. Эл аралык чөйрөдө күч структураларында иштеген аялдардын коомдогу тынчтыкты, коопсуздукту сактоодогу, жаштарды тарбиялоодогу кошкон зор салымын белгиледи. Профессор К. Айдаркул илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо эл аралык уюмдар менен кызматташууну активдүү жүргүзүп келе жаткан окумуштуу-педагог катары ОБСЕнин алкагында жүргүзүлө турган иштерге биздин институттун студенттерин, магистранттарын активдүү тартып келүүдө. Эл аралык конгресске 24 мамлекет, 3 эл аралык уюм катышкан. Конгресстин жүрүшүндө жаштарды тарбиялоодо коомдогу жалпы адамзаттык баалуулуктарга көп көңүл буруу жагы каралды.