Blog Image

Профессор К.Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык ИПКда 3 секцияда 100дөн ашуун докладдар окулду

20-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

ИПКнын жүрүшүндө Казакстан, Россия, Өзбекстан, Кыргызстандын 100дөн ашуун илимий макалалардын авторлору, окумуштуулар 3 секцияда педагогика илиминин инновациялык өзгөчөлүктөрү жана учурдагы маселелерди кызуу талкуулашты. Алар: Кыргыз тили жана дүйнөлүк адабият: заманбап изилдөө маселелери; Педагогикалык билим берүү: заманбап изилдөө маселелери; Тилди окутуу методикасынын актуалдуу маселелери.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференцияга Абай атындагы КазУПУдан, Казакстан Эл аралык информатизация академиясынан, Москва улуттук бизнес институтунан, Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинен, Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинен, Кыргызстандын ЖОЖдорунун педагогдору катышты.