Blog Image

Профессор К.Табалдыев “Кыргыз тарыхынын кылымдар түпкүрүндөгү табылгалары” аталышында лекция өттү

Бүгүн, 28-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстан тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын чакыруусу менен белгилүү археолог, тарых илимдеринин доктору, профессор Кубатбек Табалдыев “Кыргыз тарыхынын кылымдар түпкүрүндөгү табылгалары” аталышында лекция өттү.

Иш-чарага ТСУББИнин директору, т.и.д., профессор Чолпон Койчуманова, институттун профессордук-окутуучулук курамы, магистранттары жана студенттери катышты.