Blog Image

Профессор Кубан Мамбеталиевдин 70 жылдыгына арналган “Журналистика: илим, билим жана тажрыйба” аталышында тегерек стол болуп өттү

1-ноябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист, публицист, дипломат, профессор Кубан Ильясович Мамбеталиевдин 70 жылдыгына арналган “Журналистика: илим, билим жана тажрыйба” аталышында тегерек стол болуп өттү.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева юбилярга куттуктоо сөзүндө кыргыз демократиялык журналистикасынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Кубан Мамбеталиевге бекем ден соолук жана өсүп келе жаткан журналисттерге бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, насаатчы болуп жүрө беришин каалап кетти.
Тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Жазуучулар Союзу, КРнын Журналисттер бирикмесинин атынан өкүлдөр келип, Кубан Мамбеталиевди 70 жылдык юбилейи менен куттукташты.
Кубан Мамбеталиевдин кесиптештери, замандаштары, аспиранттары, университеттин Журналистика бөлүмүнүн студенттери “Профессор К.И.Мамбеталиевдин чыгармачылыгындагы ар тараптуулук” аттуу фильмди бирге көрүп, тегерек столдун форматы “Демократиялык журналистиканын башатында” жана “Академиялык журналистикадагы жаңычылдык, чеберчилик” (Журналистиканын кадрларын даярдоо) аталышындагы 2 багытта ой бөлүшүү эркин формада уланды.
Филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Ильясович Мамбеталиев учурда И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүндө эмгектенет.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Кубан Ильясовичти 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, ага зор ден соолук, кажыбас кайрат жана чыгармачылыгында ийгиликтерди каалап кетмекчи.