Профессор М.Ахматов К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттерине конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун профессору М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын профессору Медет Ахматов К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине “Өсүмдүктөрдү сактоонун глобалдык стратегиясы" аталышында конок-лекция өттү.
Конок-лекцияга университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Лекциянын жүрүшүндө профессор Медет Ахматов өсүмдүктөрдү сактоонун глобалдык мааниси жана стратегиялары, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн дүйнө жүзүндөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган иш-чаралар жана жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди.
Мындан сырткары, профессор М.К. Ахматов өзүнүн тажрыйбасы жана илимий жетишкендиктери менен бөлүшүп, жаш муун үчүн мотивация берди. Мындай иш-чаралар университеттин илимий потенциалын жогорулатууга жана студенттердин академиялык өсүшүнө өбөлгө түздү.