Профессор М. Дылдаев КЭРдин Хуаньшань шаарында өткөн II эл аралык Ыраакы космостук изилдөөлөр конференциясына катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Мирлан Дылдаев Азия-Тынч океан космостук кызматташтык уюму (APSKO) жана Кытай Ыраакы космостук изилдөө лабораториясы (DSEL) менен Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын колдоосу менен у.ж. 4-7-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Хуаньшань шаарында өткөн II эл аралык Ыраакы космостук изилдөөлөр IDSEC конференциясына (Tiandu Forum 2024), ошондой эле III эл аралык Ай изилдөө станциясына (ILRS) арналган семинарга катышты.
Конференциянын жүрүшүндө профессор Мирлан Дылдаев «Кыргызстанда STEM билим берүүнү өнүктүрүүдө космостук изилдөөлөрдүн ролу» баяндамасында азыркы учурда Кыргыз Республикасынын маанилүү маселелеринин бири экендигин белгиледи. STEM билим берүүнүн интеграцияланган ыкмаларын ишке ашыруу, STEM ыкмаларын билим берүүгө интеграциялоо Кыргызстанда адистерди даярдоо үчүн маанилүү экендигин айтып өттү. Айрыкча физика, химия, география, экология багыттарында студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн космос мейкиндигин изилдөө жаатындагы илимий изилдөөлөр менен илимдин интеграциясы негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Космостук жетишкендиктерди пайдалануу жана аны үйрөнүү дүйнөлүк процесстерди, космостук телолордун жана кубулуштардын планеталык процесстердин жүрүшүнө тийгизген таасирин, анын ичинде Жер планетасындагы экологиялык процесстерди комплекстүү түшүнүүнү камсыз кылат.
Форумга 30дан ашык өлкөнүн окумуштуулары, космостук агенттиктеринин жана аэронавигациялык мекемелердин кызматкерлери катышты.