Blog Image

Профессор М.Эсенгулова “Инсандын өнүгүүсү. Инсандын өнүгүүсүнө таасир эткен негизги жана кошумча факторлор” аталышында ачык лекция өттү

6-март күнү И.Арабаев атындагы КМУда түзүлгөн Окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо тобунун мүчөсү, педагогика кафедрасынын профессору Миргүл Эсенгулова Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 1-курсунун студенттерине “Педагогикалык теориялар, системалар жана технологиялар” дисциплинасы боюнча “Инсандын өнүгүүсү. Инсандын өнүгүүсүнө таасир эткен негизги жана кошумча факторлор” аталышында илгерилетилген ачык лекция өттү.

Ачык лекция инсанга багытталган окутуунун методикасын колдонуу менен өткөрүлдү жана ага университеттин бардык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Ачык лекцияда кызыктуу презентациялар орун алып, студенттердин ой-пикирлери талкууланды.