Blog Image

Профессор М. Дылдаев «Климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүнүн келечеги: педагогдор менен кызыккандар тараптардын ортосунда синергияны түзүү» аталышындагы форумга катышты

15-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, профессор Мирлан Дылдаев Абай атындагы Казакстан улуттук педагогикалык университетинде Азия өлкөлөрү менен өткөн «Климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүнүн келечеги: педагогдор менен кызыккандар тараптардын ортосунда синергияны түзүү» аталышындагы форумга катышты.

Иш-чарага Япония, Корея, Кытай, Филиппин, Индонезия, Монголия, Өзбекстан, Индия өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттери катышып, бул форумдун демилгечилери Окаяма университети жана ЮНЕСКОнун Борбордук Азиядагы аймактык кеңсеси болду.