Blog Image

Профессор Н. Курбанова «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окутуунун методикасы боюнча семинар өттү 

11-январда Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда тарых илимдеринин доктору, профессор Назира Курбанова «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окутуунун методикасы боюнча семинар өттү. Семинарда жаңы окуу жылында республиканын мектептеринде киргизилген «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутуунун жыйынтыктары талкууланды. Ошону менен бирге, республика боюнча мектептердин мугалимдерине жогорку окуу жайларынын окутуучуларынан методикалык жардам көрсөтүү маселелери каралды.