Профессор С.Алымкулова Германияда өткөн LXVI Алтай конференциясына катышты
И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору Сынару Алымкулова Германиянын Геттинген шаарында LXVI Алтай конференциясында “Бешик – сулуулуктун башаты” этнографиялык баяндамасы менен катышты. Конференциядан кийин Берлинде Алтаистиканын (ПИАК) лидерлери, профессорлор Барбара Келльнер-Хайнкеле жана Оливер Корф менен биргеликте ПИАК-61 материалдарын басып чыгаруу боюнча эки күндүк иш жүргүзүлдү. Ал иш-чара, убагында 2018-жылы Бишкекте өткөн. Ошону менен бирге, конференциянын алкагында Кыргызстандын тарыхы боюнча быйылкы көрүнүктүү эмгек болгон профессор Йоханнес Реккелдин “Саймалуу таш” китебинин бет ачары өттү.