Профессор С.Жумалиев Пекинде өтүп жаткан Дүйнөлүк билим берүү жарманкесине катышууда
И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев КЭР борбору Пекин шаарында өтүп жаткан СЕЕ-2024 Дүйнөлүк билим берүү жарманкесине катышууда.
1, 2-ноябрь күндөрү өтүүчү Дүйнөлүк билим берүү жарманкесине дүйнөнүн көптөгөн алдынкы жогорку окуу жайлары катышып, билим берүү программаларын сунуштап, бири бири менен кызматташтык алакаларды түзүшүүдө. Анын ичинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен кызматташууга кызыккан университеттер арбын.