Blog Image

Ага окутуучу  Жылдыз Барганалиева мобилдик тиркеме жасоо боюнча ачык сабак өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун колдонмо информатика кафедрасынын ага окутуучу  Жылдыз Барганалиева студенттерге Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун иштелип чыккан мобилдик тиркемесин жасоо боюнча конкурстук жана жыйынтыктоочу ачык сабагын өттү. Ачык сабактын жүрүшүндө, 7 команда өзүнүн мобилдик тиркемесинин долбоорун сунуштап, анын функционалдуулугун жана өзгөчөлүктөрүн көрсөтү. Окутуучулар ар бир долбоор боюнча өз ой-пикирлерин айтып, катышуучулар арасында ачык талкуу жүрдү. Студенттер тиркемелерди иштеп чыгууда жогорку билим жана көндүмдөрдү көрсөттү. Ошондой эле, долбоорлорду жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.  Бул иш-чара катышуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.