Blog Image

Профессор Талантбек Курманбек уулу Аль-Фараби атындагы КУУнун 90-жылдыгына арналган “Изилдөө университетинин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары” эксперттик стратегиялык сессиясына катышууда

21-22-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илмдеринин доктору, профессор Талантбек Курманбек уулу Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин 90-жылдыгына арналган “Изилдөө университетинин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары” эксперттик стратегиялык сессиясына катышууда.
Профессор Талантбек Курманбек уулу иш-чаранын пленардык отурумунда жана “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо” 2-трегинде спикерликти аркалайт.
Стратегиялык сессиянын максаты: илим изилдөө университетинде билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы катары кызмат кылган билим берүү стратегиясын иштеп чыгуу; туруктуу жана шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн илим менен билимди интеграциялоо боюнча идеяларды жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу.