Blog Image

Профессор Тамара Кадырбаева «Сүрөтчү жана заманбап искусство» аталышында конок-лекция өттү

26-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин окутуучуларына жана студенттерине ОшМУнун Искусство факультетинин профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Кадырбаева «Сүрөтчү жана заманбап искусство» аталышында конок-лекция өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө көркөм искусство жана кыргыз сүрөт искусствосун өнүктүрүү, ошондой эле, жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектерин жалпы журтчулукка  жайылтуу тууралуу маалыматтар берилди.