Профессор Ю. Шыгаев эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
20, 21-февраль күндөрү КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Юристанбек Шыгаев Россиянын Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университетинин (НМПУ) 90 жылдык юбилейине арналган XII эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлдү. Ошондой эле, Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору Юристанбек Шыгаев студенттерге лекция окуду.