Blog Image

“Пусан-Бишкек КМУ-2022”

2022-09-19

Бүгүн, 19-сентябрда И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана Кореядагы Пусан чыгыш тилдер университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Чон Мёнсук “Пусан-Бишкек КМУ-2022” студенттерди алмашуу программасы боюнча түзүлгөн келишимге кол коюшту.

Эки университет ортосундагы бул программаны ишке ашыруу үчүн Кореядан Пусан шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Пусан чыгыш тилдер университетинин окутуучулары жана студенттеринен турган Евразиялык экспедициялык топ келди.

“Пусан-Бишкек КМУ-2022” студенттерди алмашуу программасынын максаты Кыргызстан-Корея мамлекеттеринин ортосундагы достук алаканы чыңдоо, Бишкек жана Пусан шаарларындагы студенттердин ортосундагы билим берүү, маданий, достук мамилесин бекемдөө жана өнүктүрүү болуп саналат.

Иш чарада кореялык студенттер кыргыз тилинде, кыргызстандык студенттер корей тилинде сүйлөп, таанышышты.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кореядан келген өкүлдөргө атайын белектерди тартуулады.