Blog Image

«Пушкин жана кыргыздар» поэзия кечеси

2022-11-23

И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты кафедрасында агартуучу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Пушкин жана кыргыздар” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Поэзия кечесин куттуктоо сөзү менен факультеттин деканы О.А. Карымшаков ачты. Окумуштуу И.Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү тууралуу баяндаманы Ж.Э.Жолдошалиева жасады жана окумуштуу А.Ш.Шерматов айтып берди. 

Белгилүү пушкин таануучу, орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Г.У.Соронкулов жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы, Пушкиндин жашоосундагы белгисиз фактылар, Москвада өткөн Болдино окуулары тууралуу айтып берди. (2022)

Кафедранын окутуучулары тарабынан И.Арабаев жана А.С. Пушкин тууралуу презентация өткөрүп, ошондой эле 1-4-курстардын студенттери Пушкиндин атактуу ырларын орус, кыргыз, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде окуп беришти.