Ректор Айгүл Абдраева Дүйнөлүк вокалисттердин сынагындагы финалистти куттуктады
2022-11-22
И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетине караштуу Б.Миңжылкиев жана В.Муковников атындагы вокалдык мектептин окуучусу Роза Косакова Италиянын Сан-Ремо шаарында өткөн “Fasi Finali Internazionali” аталышындагы дүйнөлүк вокалисттердин сынагында 4-орунду жеңип алды.
Ректор Айгүл Абдраева университеттин жамаатынын алдында Роза Косакованы жана анын устаты, аталган вокалдык мектептин көркөм жетекчиси Вячеслав Палицынды куттуктап, аларга чыгармачылык ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги сынакка катышуу Кыргызстандын тарыхында буга чейин болгон эмес.