Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева К.Д.Ушинский атындагы ЯМПУда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

2022-11-05

1-ноябрда К.Д.Ушинский атындагы ЯМПУда “Функционалдык сабаттуулук: жаңы дидактикалык чечимдер жана методологиялык императивдер” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган конференцияда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөдү.

Педагогикалык кызматкерлерди илимий-методикалык жактан камсыздоого багытталган конференция И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия университетинин (Казакстан) өнөктөштүгүндө, Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Пленардык жыйында функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү тажрыйбасы баяндалып, табият таануу жана математикалык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча дидактикалык чечимдер талкууланып, келечектеги жана азыркы мугалимдерди илимий-методикалык жактан камсыз кылуу милдеттери сунушталды.