Ректор Айгүл Абдраева окутуучу Рита Сапарбекова менен 2 студентке ыраазычылык кат тапшырды
5-декабрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева курам жетекчилеринин жыйынында Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин ага окутуучусу Рита Сапарбековага, КМУнун студенти Данияр Бекишов менен Мелисса Кыдыевага окуу жайдын беделин көтөрүүдөгү жоопкерчиликтүү позициясын эске алып, баалуу белек жана ыраазычылык кат тапшырды.