Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева ОшМУда өтүп жаткан окумуштуулук даражаларды изденүүчүлѳрдүн V мектебине катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУда өтүп жаткан окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн (докторанттар жана магистранттар) V-мектебине катышууда.

Ректор өз сөзүндө Ош мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия менен биргеликте уюштуруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, илимге болгон  университеттин колдоосу да мактоого татырлык экенин айтты. Ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУда дагы жаштарды илимге тартуу максатында алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгына токтолду. Алсак, илимий иштер окуу жайдын буйрутмасынын негизинде ишке ашырылат. Бул жылы илимий изилдөө  иштерине атайын эсептен 1% жогору акча каражаты окумуштуулук даражаларды изденип алуучуларды колдоо максатында бөлүнүп берилди.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын илим жана аспирантура бөлүмдөрүнүн жетекчилери, докторанттар, аспиранттар, магистранттар катышып жатат. Үч күнгө созулган жыйында окумуштуулардын жана эксперттердин тематикалык баяндамаларын угуу жана актуалдуу маселелерди талкуулоо каралган.