Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева Санарип активдердин эл аралык корпорациясынын президенти менен жолукту

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Санарип активдердин эл аралык корпорациясынын президенти YUE HEFU, аткаруучу директору YUE GUANCHANG менен жолугушту. Ага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты. Жолугушууда келечекте билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында келген делегация университет менен таанышып чыкты.