Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева Түштүк Кореядан келген делегациянын мүчөлөрү менен жолугушту

2022-10-07
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева 6-октябрда Түштүк Кореядан келген делегациянын мүчөлөрү – Хонам университетинин ректору Сангчол Пак, эл аралык байланыштар боюнча проректору Вани Сон, Хонам корей тили борборунун директору Йонг Юн жана Бишкектеги Седжон институтунун директору Сон Донг Вэон менен жолугушту.
Жолугушууда Айгүл Абдраева конокторду университеттин кыскача тарыхы, курамдар жана өнүгүү багыттары менен тааныштырды.
Хонам университетинин ректору Сангчол Пак өз ара кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.