Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева Япониядан келген өнөктөштөр менен жолугушту

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Япониядан келген өнөктөштөр менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө И.Арабаевдин 140 жылдык мааракесин уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси Етсухаши Мичинори мырза сыйланды.

Ошондой эле, Япониядагы өнөктөш компаниянын өкүлдөрү Такахара Дайсуке мырза жана Акай Масару мырза тарабынан Японтаануу институтунун IT-багытына белек катары 10 ноутбук тапшырылды.

Тараптар келечекте университет менен Япониянын кызматташтыгын арттырууга кызыктар экендигин билдиришти.