Blog Image

Ректор Айгүл Абдраева жатаканада жашаган студенттер менен жолугушуу өткөрдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жатаканада жашаган студенттер менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууга Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы, Административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакбур Исаев, жатакана кызматкерлери жана студенттер катышышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорун берип, жатаканадагы жашоо тууралуу ойлорун билдиришти. Ректор университетте жүргүзүлүп жаткан максаттуу иш-аракеттер тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп берүү менен бирге алардын окууларына ийгиликтерди каалады.

Жыйындын соңунда окуу жайдын жетекчилиги жатакананын бөлмөлөрүн кыдырып, компьютердик класс, конок бөлмөлөрү, жуунучу бөлмө, ашкана, бий залы жана эс алуу бурчтары менен таанышышты.