Ректорлордун дүйнөлүк форуму уланып жатат
2022-09-15
Бишкекте 14-сентябрда башталган “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аталышындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму уланып жатат.
Аталган форумга И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева да катышууда. Ошондой эле университеттин атынан барган өкүлдөр дүйнөнүн ар тарабынан келген форумдун катышуучуларына окуу жай тууралуу маалымат берип жатышат.
Мындай масштабдуу иш чарада дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулап жатышат.