Blog Image

Республикалык “Ден соолук-2024” аталышындагы мелдеш жыйынтыкталды

Бишкек шаарынын университеттери жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук-2024» аталышындагы мелдеш жыйынтыкталды. И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары спорттун 7 түрү боюнча таймашты. Алар футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол,шахмат,ордо. Мелдештин жүрүшүндө, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Республикалык “Ден соолук-2024” спартакиадасында волейбол боюнча айымдар II жана III орунду ээлесе, мырзалар арасындагы таймашта 45 жаштан жогорку жана ага чейинкилер I оорунду камсыздады. Тогуз коргоол боюнча мырзалар жана айымдар II оорунду ээлешти. Шахмат боюнча мелдеште айымдар 1-орун ээледи. Футбол боюнча оюнда мырзалар III-орунга татыды. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 2024-жылдын 20-июнунан баштап Ысык-Көл облусунда өтүүчү Республикалык “Ден соолук-2024” мелдешине жолдомо алышты.

Белгилей кетсек, «Ден соолук-2024» аталышындагы мелдеш 9 -февралдан тартып өткөрүлүп келе жаткан. Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи К.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин спорттук базасында өтүп, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары 12-февралдан баштап спорттун 7 түрү боюнча таймашты. Алар футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол,шахмат,ордо.