Blog Image

Республикалык менеджмент боюнча олимпиадада студенттерибиз 2-орунду алышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун 2, 4-курстарынын студенттери - X-клубдун мүчөлөрү, институттун директорунун орун басары Э.Р. Турдукулованын жетекчилиги астында республикалык Менеджмент боюнча олимпиадасында квест оюнунда 2-орунду ээледи. Команда эки турда катышты: видео конкурс, квест оюну.
Менеджмент боюнча республикалык олимпиада К.Карасаев атындагы БМУ тарабынан менеджментке болгон кызыгууну арттыруу жана мыктыларды аныктоо максатында уюштурулган. Олимпиадага Кыргызстандын 14 университети катышты (КУУ, КРСУ, ОшМУ, КЭУ, КУАУ ж.б.).