Blog Image

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү менен жолугушуу

17-январда И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору Айсулу Бейшенова Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин экинчи катчысы Р.Федоров менен жолугушту.
Жолугушууда россиялык ЖОЖдор менен байланыштар, заманбап билим берүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана эл аралык кызматташуу маселелери талкууланды. Проректор университеттин тарыхына жана структурасына токтолуп, окуу жай жогорку квалификациялуу жана көп тармактуу окутуучу кадрларды даярдоочу алдыңкы борбор катары республикада жана чет өлкөлөрдө таанылганын баса белгиледи.