Blog Image

Сүрөтчүлөр союзунун Эмен багындагы көргөзмө залында "Гармония" аталышындагы көргөзмө ачылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Эмен багындагы көргөзмө залында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин "Гармония" аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттеринин чыгармачылык эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Анда студенттердин кол өнөрчүлүгүнөн жаралган кыргыз улуттук кийимдери, зер буюмдар, түрдүү жанрдагы көркөм сүрөттөр коюлган. Иш-чарага Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышып, сөз сүйлөдү. 
Аталган факультеттин студенттери көрүүчүлөрдүн назарына “Күүгүм гүлү”, “Мурас” жана “Шамал шаңы” аттуу этноколлекцияларын тартуулашты. Көргөзмөнүн жүрүшү чакан концерттик программа менен коштолду.
Аталган көргөзмө 30-апрелге чейин уланат.