Blog Image

“Салттуу музыка күнүнө” арналган тегерек стол болуп өттү

“Салттуу музыка күнүнө” арналган тегерек стол болуп өттү

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыка Жумалыгынын” алкагында “Күү күнүнө” арналган “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана замандын талабы” аттуу тегерек стол уюштурулду.
Аталган иш-чарага КРнын эл артисти Зайнидин Иманалиев, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фондунун негиздөөчүсү, КРнын эл артисти, исскуство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова, КРнын эл артисти Атайбек Бөдөшов, КРнын эл артисти Жолболду Алыбаев, КРнын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев, “Акак” комчузчулар ансмаблинин жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ирина Сүйөркулова, Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин проректору, педагогика илимдеринин кандидаты Кубат Джакыпов жана Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу, окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөр жана атактуу комузчулар катышып, кереге кеңешти И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева ачып берип сөз сүйлөп, кыргыздын нукура салттуу өнөрүн аздектеп алып жүргөн инсандарга ыраазычылык билдирип өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө салттуу музыка өнөрүндө зор салымы бааланып, көрүнүктүү комузчу Кыргыз Республикасынын эл артисти Зайнидин Иманалиевге И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Өз кезегинде Зайнидин Иманалиев окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова “Азыр инстаграм, тик-ток, фейсбук сыяктуу социалдык түйүндөрдү туура максатта колдонсок, ошол интернет желесинде салттуу музыканы жайылтуу зарыл. Комуз, кыл кыяк черткен, улуттук аспаптарда ойногон жаштар өздөрүн коомго керек экенмин, менин эмгегимди эл баалайт экен деген ишенимде болушу керек”, деп өз пикирин билдирип, жаш муунду колдоого чакырды.
Айта кетсек, өлкөдө 25-апрель Салттуу музыка күнү деп таанылган. Ар жыл сайын улуттук колориттеги музыканы, аспаптарды даңазалаган өнөктүктөр өткөрүлүп келатат. Бир катар окуу жайларда окутуулар уюштурулган. Ошондой эле Салттуу музыка кафедрасы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде да бар.