Blog Image

“Салттуу окуу процессинде IT технологияларды жана жасалма интеллектти кантип колдонуу керек” аталышындагы тренингдин катышуучулары сертификат алышты

 19-январда И.Арабаев атындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн окутуучуларына Бишкектеги Peaksoft House окуу мектебинин адистеринен “Салттуу окуу процессинде IT технологияларды жана жасалма интеллектти кантип колдонуу керек” аталышында тренингдин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды. Тренингди Peaksoft House окуу мектебинин директору, инженер-программист Бакир кызы Динара,  Java иштеп чыгуучу, Peaksoft House окутуучусу Мухамед Тойчубай уулу жана Javascript иштеп чыгуучу, Peaksoft House окутуучусу Азамат Абдигапыр уулу өткөрүштү.