Самат Жумалиев Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору болуп дайындалды
Бүгүн, 29-ноябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору болуп дайындалган филология илимдеринин доктору, доцент Самат Жумалиевди профессордук-окутуучулар курамына тааныштырды.
Самат Жумалиевге бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!