Blog Image

Санариптештирүү япон IT компаниясы менен биргеликте улантылат

Бүгүн Токиодо Digital Knowledge кеңсесинде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева менен Digital Knowledge компаниясынын президенти Хага Хироаки жолугушту. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин катышуусунда өттү.

Айгүл Абдраева менен Хага Хироаки билим берүү процессиндеги өз ара аракеттенүү маселелерин, учурда рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон IT тармагында жаңы багыттарды жана адистиктерди ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин Японияда өндүрүштүк практикадан өтүүсү жана ишке орношуу маселелери козголду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду.

Digital Knowledge президенти IT тармагындагы жетишкендиктерге жана студенттерди жасалма интеллект аркылуу окутуунун ыкмаларына токтолду. Компания И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институту менен япон тилин үйрөнүүнүн акыркы эффективдүү ыкмалары менен бөлүшүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Digital Knowledge 27 жылдан бери электрондук жана дистанттык окутууга адистешкен жана электрондук окутуу системасын калыптандыруудан, окуу материалдарын иштеп чыгуудан баштап окуу процессинин бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтөт.