Blog Image

«Санжыра» окуу-изилдөө лабораториясы ачылды

2022-09-29

29-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинде «Санжыра» окуу-изилдөө лабораториясы ачылды.

Ачылыш иш-чарага лабораториянын жетекчиси Асыкбек Оморов, факультеттин деканы Назира Курбанова жана башка окутуучулар катышышты.

Лаборатория тарыхый-маданий мурастарды сактоо, кыргыздын руханий, маданий баалуулуктарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын өнүктүрүү, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин, магистранттарынын илимий көз караштарын жогорулатуу максатында түзүлдү.