Blog Image

Сауд Араб Падышалыгынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзага И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Бүгүн, 26-декабрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради келди.

Сыйлуу конокту И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, биринчи проректор Талантбек Курманбек уулу, Теология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шамралиев тосуп алышты.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзаны КМУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана жеке өзүнүн атынан Эл аралык араб тили күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетти. Ректор өз сөзүндө “Бириккен Улуттар Уюмунда Араб тили күнү жыл сайын 18-декабрда белгиленип, “көп тилдүүлүктү жана маданий көп түрдүүлүктү белгилөө жана Уюмдун бардык алты расмий тилинин бирдей колдонулушун жайылтуу үчүн” түзүлгөндүгү” тууралуу белгилеп, - “биздин университетибизде быйыл бул салтанаттуу иш-чара өтүп жаткандыгы, биздин студенттерибизди кубандырат жана араб тилин окууга шыктандырат, себеби, адам баласы канча көп тилди билип, анда эркин сүйлөп ой бөлүшсө – ошончолук анын руханий дүйнөсү бай болот экендиги калетсиз”, - деди.

Араб тили эл аралык күнүн белгилөө иш-чарасына КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КРнын Тышкы иштер министрлигинин 2-саясий департаментинин директору Азамат Алмакунов, Ас-Сафа Бейөкмөт уюмдар борборунун аткаруучу директору Ибрагим Малсагов, "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фондунун башчысы Мохаммед Али Абделкерим, "Жамиати ас-Салам лил-Амал ал-Инсания вал-Хайрия" коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Теология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Университеттин башкы корпусунда араб тилине арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Салтанаттуу иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышып, Сауд Араб Падышалыгынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радинин КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү чөйрөсүнө дайыма ар тараптуу колдоо көрсөткөн, өзгөчө салым кошкон, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн жигердүү ишмердиги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалын тапшырды.

Ошондой эле, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева Сауд Араб Падышалыгынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзага И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору наамын ыйгарды.

Элчи мырза өзүнүн терең урматын жана чоң ыраазычылыгын билдирип, мындан ары эл аралык кызматташуу, достук мамилелер жана гранттык, кайрымдуулук иштери Кыргыз Республикасында улана бере тургандыгын билдирди.

Иш-чаранын соңунда Теология бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган араб тилинде видеотүшүндүрмө, көркөм окуу болду. Теология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шамралиев алдыңкы студенттерге Ардак грамоталарын тапшырды.