Саясий илимдердин кандидаты А Абдыкеримова IFES-UEBF 2024 эл аралык билим берүү форумунда баяндама жасады
ОТГ программасынын алкагында Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-кытай факультетинин чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доцентинин м.а. Алия Абдыкеримова Кипрде өткөн «Тил саясатына миграциялык процесстердин таасири» темасында доклад жасады. Ал өз сөзүндө миграциялык агымдардын активдешүүсүнүн шартында тилдин артыкчылыктарын трансформациялоонун актуалдуу маселелерине токтолду, ошондой эле билим берүү системалары жана маданияттар аралык коммуникация үчүн кесепеттерин талдады.
Форумга ар кайсы өлкөлөрдөн билим берүү жана коомдук илимдер тармагындагы алдыңкы окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер чогулушту. Мындай масштабдуу иш-чарага катышуу Кыргызстандык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, илимий чөйрөдө эл аралык кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
IFES-UEBF 2024 форуму дүйнөлүк контекстте билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап чакырыктарын жана келечегин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.