Blog Image

«Сергек жашоо образын калыптандырууда педагогдордун потенциалын өнүктүрүү» деген темада эл аралык семинар өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун профессордук-окутуучулар курамына Табигый математикалык билимдер кафедрасынын доценти Рано Кутанова «Сергек жашоо образын калыптандырууда педагогдордун потенциалын өнүктүрүү» деген темада эл аралык семинар өттү. Ага ЮНЕСКОнун Россиядагы өкүлдөрү аралыктан катышып, доклад окушту. Семинарда “Мугалимдер үчүн колдонмо” окуу куралы тууралуу маалымат берилди. Ал окуу куралы Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча педагогдордун потенциалын өнүктүрүү долбоорунун алкагында ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар институтунун (БМТИ) колдоосу менен И.Арабаев атындагы КМУнун авторлор тобу тарабынан иштелип чыккан.