Blog Image

Ш.Кадырова атындагы Чет тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Венгрия өкмөтү тарабынан берилген STIPEDIUM HUNGARICUM стипендиялык программасы менен таанышты

Ш.Кадырова атындагы Чет тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова жана кафедра башчысы Гүлсара Ибраимова «Котормо жана котормо таануу» адистигинин студенттери менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Венгриянын элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чарага катышып келди.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Чет тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Венгрия Өкмөтү тарабынан сунушталган жана Венгрияда жогорку билим алууну каалаган чет элдик студенттер үчүн арналган STIENDIUM HUNGARICUM стипендиялык программасы менен таанышты. 
Жолугушууда Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин башчысынын орун басары Дароци Ласло Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бул программанын маанилүүлүгүн белгиледи.
Венгриядагы 28 жогорку окуу жайлары программага катышып, англис жана венгр тилдеринде 1200дөн ашык курстарды беришет.
Stipendium Hungaricum программасына катышуу үчүн арыз берүү процедурасы бир нече этаптарды камтыйт, анын ичинде https://apply.stipendiumhungaricum.hu/ программасынын расмий сайтында 2024-жылдын 15-январына чейин онлайн арыз берүү. Платформа буга чейин ачык жана талапкерлер өз профилин жана анкета формасын толтура баштаса болот. Ошондой эле, бир эле учурда КР Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу арыз толтуруу зарыл. Андан кийин, сиз керектүү документтерди тапшырып, сынактык тандоо процессинен, анын ичинде тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өтүшүңүз керек.
Уюштуруучулар мындан аркы кызматташууга жана Stipendium Hungaricum программасы аркылуу Венгриянын ЖОЖдорунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүүгө үмүт артышты.