Blog Image

Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттерине “Аль Мустафа” Эл аралык университетинин стипендиясы тапшырылды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окуудагы жетишкендиктеринин негизинде тандалган 10 студентке Ирандагы “Аль Мустафа” атындагы Эл аралык Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман Мохсени стипендия тапшырды.  Тапшыруу аземине И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева,  ДТжЭМ  институтунун директору Нуржан Сартбекова жана окутуучулар катышты. Студенттерге мындан ары дагы окуудагы ийгиликтерине  тилектештигибизди  билдиребиз.