Blog Image

Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИде кытай Жаңы жылы белгиленди

9-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын кытай тилин окуган студенттери кытай жылнамаасы боюнча кытай Жаңы жылына карата иш-чара өткөрүштү. 
Иш-чарага Конфуций Институтунун кытай тарабынан директору Ду Хуа жана кыргыз тарабынан директору Г.Т.Исаматова, Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин директору Н.К.Сартбекова, институттун жалпы жамааты жана студенттер катышты. Студенттер кытай тилинде көркөм окуу, кытай тилинде ар түрдүү оюндарды уюштуруп, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.