Blog Image

Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИге Словакиядан делегация келди

9-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова тарабынан уюштурулган Словакия делегациясы менен жолугушуу КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаеванын жетекчилигинде өттү.

Чет өлкөлүк делегациянын курамында Словакиянын Нитра шаарындагы Константин Философ атындагы университетинин лингвисттери ф.и.д., профессор Зденка Гадушова, ф.и.д., романистика жана германистика кафедрасынын профессору Ева Страновская, ф.и.д., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) тармагындагы адис Даша Мункова, информатика кафедрасынын профессору Михал Мунк жана магистр Ивана Пуликова болду.

Жолугушууда академиялык мобилдүүлүктү жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну жакшыртуу маселелери талкууланды.